super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы жеңил өнөр жай кызматкерлерин 12-июнь - кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: 

 

"Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди "Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайынын кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Акыркы жылдары жеңил өнөр жайы жыл өткөн сайын өнүгүүнүн жаңы баскычтарына көтөрүлүп жаткандыгы кубандырбай койбойт. Мисалы, былтыркы жылы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 7 пайызга чейин көбөйгөн. Муну менен катар өндүрүлгөн продукциянын эң чоң көлөмү экспортко кетип жаткандыгын белгилей кетүүбүз зарыл.

 

Бүгүн жеңил өнөр жай тармагында бүтүндөй республика боюнча 150 миңден ашык адам эмгектенет. Жеке сиздердин талыкпас үзүрлүү эмгегиңиздердин натыйжасында жеңил өнөр жайы өзүнүн мурдагы күч-кубатын жоготпостон, катаал мезгилдерди басып өтүп, бүгүн өлкөбүздүн экономикасынын локомативи болуп отурат. Кыргыз Өкмөтү ар дайым жеңил өнөр жайынын өнүгүүсүн колдойт жана бул багытта жигердүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Мисалы, биз тараптан Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл округунун аймагынан 50 гектар жер бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана бул участкада келечекте 10 миң жумушчу орунга эсептелген технопарк түзүлмөкчү.  

 

Бул ата мекендик жеңил өнөр жайын колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Өз кезегинде мен бири-бирибизге көмөктөшүү жолу аркылуу кез келген кыйынчылыктарды жеңип өтүп, жаңы жетишкендиктерге ээ боло алабыз деп терең ишенем.  

 

Урматтуу достор! Мына ушундай майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, жеке үй-бүлөлүк бакты-таалай каалоо менен ар дайым кесиптик ийгиликтердин үстүндө болушуңарга тилектеш экендигимди билдирем".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: