super.kg logo

Орусияда киши колдуу болуп каза болгон эки Кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүүлөр кармала элек

 

Орусиянын Москва шаарында эки Кыргыз жараны 29-декабрда дайынсыз жоголуп, биринин жансыз денеси 30-декабрда, бириники 7-январда суудан табылган. Факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев тергөө иши жүрүп жатканын, шектүүлөр кармала электигин жана тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча толук маалымат берилбей турганын айтты.

Ал эми каза болгондордун бири Мурат Маматалиевдин жакындары Орусиядагы элчиликтен иштин жүрүшүн дыкат көмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрыла тургандыгын SUPER.KG'ге кабарлашты. "Шектүүлөр кармалганы же кармалбаганы бизге да белгисиз болуп жатат. Ким күнөөлүү болсо, сөзсүз кармалып жазасын алуусу керек. Бул маселени дыкат көзөмөлгө алууларын өтүнүп элчиликке кат жибергени жатабыз. Орусиянын укук коргоо органдары шектүүлөрдү кармайт деген ойдобуз", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Искендер Жолборсов жана 1981-жылы туулган Мурат Маматалиев аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болгон.

Мураттын артында эки уул, бир кыз, Искендердин артында бир уул, бир кыз калды. ИИМдин маалыматына ылайык, Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.01.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сая журсон таяк жейсин дешчу эле. Азыр Сая журсон олосун болуп калды.
27.01.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо тируу жанды ананда адамды кантип олтурот?! Кантип жер которот ошондой адамдарды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: