Валентина Шевченко UFC`нин жаңыланган рейтингинде 1-орунду сактап калды
Валентина Шевченко UFC`нин жаңыланган рейтингинде 1-орунду сактап калды. Мындай маалымат уюмдун интернеттеги расмий баракчасына жарыяланган.
Белгилүү болгондой, жаңы рейтинг 24-январда жарыяланган. АКШда 20-январда өткөн "UFC 220: Miocic vs. Ngannou" турнирине катышпаганына карабастан Шевченко рейтингдеги биринчи сапты сактап калган. Ал эми бул дивизиондун чемпиону болуп бразилиялык Аманда Нуньес калган.
Айта кетсек, Шевченко кийинки беттешин 3-февралда "UFC Fight Night 125" турниринин алкагында Бразилиянын Белем шаарында өткөрөт. Анда мушкер бразилиялык Присцила Качоэйра менен бет келишет. Беттеш 57 килограммга чейинки салмак ченинде өтөт. Бул дивизиондо UFC чемпиону болуп америкалык Никко Монтано эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
bekov01

26.01.2018. 17:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.