super.kg logo

"Москвада унаа сүзүп кетип каза болгон тууганымдын денесин өлкөгө алып кетүүгө каражат жетпей жатат" дейт тургун

 

"Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны тууганымды сүзүп кетип ал каза болду. Анын денесин алып келгенге акча каражаты жетишпей жатат", - дейт Ош облусунун тургуну Гүлнара Пазилова.

Анын айтуусуна караганда, 11-январда Москвадагы бала бакчалардын биринде короо шыпырып иштеген тууганы Бекташ Рахмановду жана аны менен чогуу бара жаткан дагы бир кыргыз аялды Токтогул районунун тургуну сүзүп кеткен.

"Тууганым менен чогуу бара жаткан алайлык эже ошол жерден жан берип, тууганым 13 күн комада жатып кечээ, 25-январда каза болду. Анын ата-энесинин деле каражаттары чектелүү, болгон каражатын уулу кырсыкка учурагандан кийин дары-дармектерине жумшашты. Анын аркасында 3 баласы жетим калды", - дейт Гүлнара.

Андан сырткары ал Бекташты сүзүп кеткен адамдын жакындары алар менен байланышпай жатканын, сөөгүн алып кетүүгө каражат жагынан жардам бергиле дешсе баш тартып койгонун айтты.

"Сүзүп кеткен токтогулдук 1993-жылы төрөлгөн жаран экен. Биз анын үстүнөн арыз деле жазбай эле коёлу дегенбиз. Эки Кыргыз унаага сүзүлүп үйүнө сөөгү барса, бир кыргыз камакта жатса андан кимге пайда деп, бирок анын жакындары бир да жолу байланышып, ооруканада жаткан Бекташтын ал-абалын сурап коюшкан жок. Ага деле мейли деп сөөгүн алып кеткенге каржы жагынан жардамдашкыла десек, андан да баш тартып жатат. Жардам болобу деп элчиликке кайрылсак, алар да жардам бере алышпасын айтышты", - дейт Гүлнара Пазилова.

Ал эми бул окуя боюнча Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылганыбызда, алар акча түрүндө элчилик жардам бере албасын, бирок кат жазып Орусиядагы өлүк сактаган жайдын баасын арзандатып бере ала турганын айтышты.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн таежеси Гүлнаранын телефон номери: 89251173285






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.01.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин айылдын Москвада иштеген жаштары ар бир ай сайын 250 рублдан топтоп айылдаштардан ушундай кокустук болсо коротушат. Элчилик жардам берген эмес бербейт дагы. Айылдашым уулу экөө түтүнгө ууланып каза болгондо акча табуудан кыйынчылык жаралып ошондон кийин айылдаштарыбыз ушинтип акча жыйнамай болушкан. Алыста жүргөн мекендештериме айтаарым азыр да кеч эмес ушундай саамалыкты уюштуруп коюшса жардамы тийип турат. Сизге сабыр тилейм жардам колдорун сунган мекендештерибизден куруу эмеспиз.
26.01.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бугун уктум мен дагы.Тааныш бала тууганыбыз болот кече ошол жакта болдум деп айтты.Жакындарына сабырдуулук тилеймин! Арты кайрылуу болсун
taalay25 түзөттү 2018-01-26 18:18:47
26.01.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жакшылык жакпаган айдоочуларга арыз жазыш керек,кыргыз эмес тууганы болсо да.
27.01.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
erkinali858585, не атайын сузупу
27.01.2018. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин элчилик иштебейт деле. Жаап койсо дагы болот. Бекташ жаткан жерин жайлуу болсун. Жакшы бала эле квартирада чогуу жашаганбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: