super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова: “Сот системи оңолбосо, инвестициялар тартылбайт”

 

Укук коргоочу Рита Карасартова сот системи оңолбосо, инвестициялар тартылбай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.

"2018-жылы “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Сот системи оңолбосо, аймактар оңолбойт, инвестициялар тартылбайт. Бул маселенин көтөрүлүп жатканы абдан туура. Мага 70-80 жаштагы жарандар келип "ушинтип эле отура беребизби, митингге чыгалы" деп кайрылып жатышат. Сот көз карандысыз болушу керек. Сотторду тандоо кеңеши "биз добуш бердик" деп иштеп жаткан сотторду кетирип жатышат. Эмнеге кетирдиңер десе жооп берише албайт. Мисалы, аталган кеңештин мүчөлөрү талапкерлердин кетирген каталарын айтыш керек. Кылмышкер соттор өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатышат. Сот реформасында канча семинар өткөрүлүп жатканы эч кимге кереги жок", - деди Карасартова.

Аталган фракциянын лидери Руслан Казакбаев Карасартовага: "Сизге кайрылгандарга айтыңыз митинг деп жүрүп ушул убакытка жеттик. Жаратмандык менен иштейли", - деди.

Жыйында сот реформасы жана анын жыйынтыктары талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: