"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Айыл өкмөтү: "Мырзаке айылындагы таштанды таштоочу урна үйдүн тосмосунан 1 метр алыстыкта орнотулат"








Мырзаке айылындагы Жээнбеков көчөсүндөгү таштанды таштоочу урна үйдүн тосмосунан 1 метр алыстыкта орнотулат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүнүн башчысы Райымберди Курманкулов билдирди.
"Айылдагы тазалыкты сактоо боюнча атайын таштанды таштоочу 10 урна жасатылып, айылдын борбордук көчөлөрүнө орнотулган. Урналарды орнотуу орундары ДЭУ мекемеси менен сүйлөшүлгөн жана бардык мыйзамдардын чегинде орнотулган", - деди Курманкулов.
Таштандыларды жергиликтүү тургундар ар жуманын дүйшөмбү күндөрү чыгарып, аны атайын "Тазалык" ишканасынын унаасы жыйнап кете турганын айткан айыл башчысы төмөнкүлөргө токтолду:
"Жээнбеков көчөсүнө орнотула турган таштанды салган урна боюнча көптөгөн маселелер жаралган. Анткени Жээнбеков көчөсүндөгү №86-үйдө жашаган айым урнаны орнотууга каршы чыгып, аны коюп жаткан кызматкерлерге карата жаман сөздөрдү айткан. Бул урна негизинен тосмодон 1 метр алыстыкта орнотулмак".
Ошондой эле бул окуядан көп өтпөй "Тазалык" ишканасы урнаны бетон менен орнотууга келгенде урна ордунда жок чыгып, алар милицияга урнанын жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Ал арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүп, бир жумадан кийин урна жогоруда айтылган айымдын үйүнөн табылган. Жашоочу урна анын тосмосунун астында турушун каалабай тургандыгын, ошол себептен аны короосуна киргизип салгандыгын айтканын айылдын "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Базарбай Өсөров билдирди.
Мырзаке айылынын "Тазалык" ишканасынын башчысы








1 |