Москвада эже-сиңдилерди унаа сүзүп, оор жаракат алышты. Ооруканага төлөөгө каражат жетпегендиктен жакындары бирөөсүн үйгө чыгарып кетишкен
Орусиянын Москва шаарында эки кыргыз кызын унаа сүзүп кетип, оор жаракат алышты. Алар Баткен районунда 1997-жылы жана 2000-жылы туулган Альбина жана Жасмина Исмайылжанова деген эже-сиңдилер болушкан. Альбинанын жолдошу Досболдун SUPER.KG'ге кабарлашынча, кырсык 23-январь түнкү саат 23:30 чамаларында Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде катталган.
Кырсыктан алган жаракатынан улам алар Кашира районунун борбордук ооруканасына жаткырылып, Альбинанын сынган бутуна операция жасалган. Ал эми Жасминанын көзүнүн тамырлары жарылгандыктан биринчи жардам көрсөтүлүп, операция жасоого каражат жоктугунан жакындары үйүнө чыгарып кетишкен.
"Альбина менин келинчегим болот. Ал кырсыктан башынан жаракат алып, буту сынган. Ага биринчи операция жасалып, азыр ооруканада жатат. Абалы жакшы болуп калды. Ал эми балдызым башынан жана көзүнөн жаракат алып, кабыргасы сынган. Көзүнүн тамырлары жарылып кеткендиктен операцияга 200 миң рубль керек болууда. Оорукана алгачкы жардам катары 3 күн карады. Андан кийин акча төлөө же өзү жашаган жердеги ооруканага которуу керек болгондуктан үйгө чыгарып келип, азыр керектүү документтерди чогултуп жүрөм. Эртең ооруканаларга алып барып көрсөтөбүз. Анын операциясына акча жок болгондуктан атайын эсеп ачып, элден жардам сурап жатабыз", - деди Досбол.
Кыздарды сүзгөн "Москвич 2141" унаасынын айдоочусу ошол замат кармалганы белгилүү болгон.
Москвада эже-сиңдилерди унаа сүзүп кетти



Алла шыпаасын берсин мекендештерибизге!
21-январь түнү, саат 23:30 чамасында кыргыздын жапжаш кыздары, 1997-жылы туулган Албина Исмайылжанова жана анын сиңдиси 2000-жылы туулган Жасмина Исмайылжанованы Москвадагы чоң көчөлөрдүн биринен машина коюп кетти. Аларды жумушунан чыгып, үйүн көздөй баратканда, жолдон машина урган. Көр тирилик айынан бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жүргөн чырактай эки кыздын бири туугандары жардам берип, операция жасалды. Экинчи кыздын операциясына 200 миң