super.kg logo

Бишкек мэри Албек Ибраимов жылуулуктан жаралган көйгөйлөрдү билдирүү үчүн телефон номерлерди жарыялады

 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үйлөрүндө жылуулук жок, үшүп жаткан тургундарды "Бишкекжылуулуктармагынын" байланыш номерине кайрылууга чакырды.

"26-январда кечки саат 6да Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда утурумдук өндүрүштүк көйгөй келип чыкты. Суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөп, шаардагы айрым үйлөрдүн, кээ бир мекеме-ишканалардын жылуулук менен камсыз болуусун солгундатты. Жылуулук боюнча жаралган көйгөйлөрдү "Бишкекжылуулуктармагы" акционердик коомунун 0312 61-11-69 байланыш номерине кайрылуу менен жеткире аласыздар", - деген ал.

Ошондой эле WhatsApp аркылуу ар бир райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга боло турганын кошумчалаган.
- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 552 211;
- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Эске салсак, 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө жылуулук берүү төмөндөгөнү маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.01.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тлф.номерди койуп ток этээр жерин айткылачы качан берилет жылуулук?
27.01.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Атамбаевди алдап жериңди алты млн го кымбат саттың сенин үйүң ысымак турсун өртөнгөнү калгандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: