ЖЭБ: "Бүгүн кечки саат 10го чейин бардык үйлөр жылуулук менен камсыздалат"
Шаардагы үйлөргө жылуулук бүгүн кечки саат 10го чейин берилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жылуулук электр борборундагы кырдаалга карата уюшулган чукул жыйында аталган борбордун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу билдирди.
"Кечээ, 26-январда химиялык цехтен модернизацияланбаган эски от казандарына кеткен суунун толук жетпегени байкалып, аларга кеткен суу токтотулган. Учурда 3 от казаны иштебей турат. Эмне себептен мындай абал жаралганы оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен белгилүү болот. Азыр Бишкек шаарындагы үйлөргө 62 градус температура менен жылуулук берилүүдө. Мындан төмөн болбойт. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Буюрса, кечки саат 10го чейин бардык үйлөр толук түрдө жылуулук менен камсыздалат", - деди Нурлан Өмүр уулу.
Андан сырткары ал аталган эски от казандар 55-60 жылдан бери иштеп жатканын, эгерде ЖЭБге модернизациялоо жүргүзүлбөгөндө абал мындан да оор болмок экенин айтты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө жылуулук берүүнүн температурасы да төмөндөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
ayluu_tun

27.01.2018. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ий кудай, кечке 10 го чейин кантишет? Бала бакыра-кемпир чалдарга эле оор болуп калат го
Jelezo

27.01.2018. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кышка даяр деп отчет беришти элего эми саат онго дегени кандай тийиштүү жетекчилерди кызматтан алып үч жылдан бери алган айлыгын мамлекетке кайтарыш керек
aerforce

27.01.2018. 13:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соз жок ошол кечки 10го чейин баарын сыртка байлап койуш керек бул эмне дегн? суук болгондо жылуулук жок
meku89

27.01.2018. 14:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооздору менен орок орушат да жанды куйгузуп. Кышкы суукка баарын даярдап коюшпайбы качан суук тушкондо баштабай ондоо иштерин. Азыр кичинекей бала менен жылыткыч сайып отурабыз. Свет дагы слабый аран эле жылып жатат. Биздейлер канча. Качан элдин камын ойлойсунар урматтуулар!
barakcha

27.01.2018. 14:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
XXXX чычаарда керек болуп атышат да.Болбосо жайында эмне кылып журушту кыштын камын корбой?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-27 14:17:32
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.