ЖЫЛНААМА, 27-ЯНВАРЬ: Ар дайым жандуу үн менен ырдап, автордук чыгармаларын башкаларга сатууга ыраа көрбөгөн орусиялык ырчы Елена Ваенга 41 жашка толду
Орусиялык ырчы, ырлардын автору Елена Ваенга Орусиянын Мурманск облусундагы Североморск шаарында туулган.
Елена Ваенга деген лакап ат менен таанылган ырчынын өз аты Елена Владимировна Хрулёва. Ал эми Ваенга - Елена Хрулёванын кичи мекени, ошондой эле ошол шаардын жанындагы дарыянын аты. Бул лакап атты апасы ойлоп тапкан. Ал өзүнүн биринчи "Голуби" ырын 9 жашында жазып, Бүткүл Союздук жаш обончулар сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Мектепти бүткөн соң Санкт-Петербургдагы музыкалык училищелердин биринде фортепиано классында окуган. Ошондой эле кичинекей кезинен бери актриса болгусу келген. Андыктан Театралдык академияга тапшырып, бирок ал жакты 2 айдан кийин таштап, ырчылыкка баш-оту менен киришкен.

Ырчы кандай гана концерт болбосун жандуу үн менен ырдайт. Гастролго чыкканда да аны дайыма бир канча музыкант аспаптары менен коштоп жүрөт.

Өзүнүн орус басылмаларына берген маегинде, ырларды абдан бат жана мазмундуу кылып жарата ала турганын айткан. Бирок ал чыгармаларын өзү гана аткарат. Башка кесиптештерине сатууну ыраа көрбөйт.
"Мен ырларымды өз баламдай жакшы көрөм. Андыктан эч качан аларды сатпайм жана "мага бир ыр сатчы" деген сунуштарды четке кагып келем", - деген ал.

Ырчы үчүн 2012-жыл түйшүктүү жылдардан болгон. Себеби 1995-жылдан бери бирге түтүн булаткан жолдошу Иван Матвиенко менен ажырашып кеткен. Андан соң үнүндө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралып, сахнадан алыстай түшкөн. Арадан көп өтпөй, орус басылмалары Ваенганын кош бойлуу экенин жаза башташкан. Ошентип 35 жаштагы ырчы биринчи жолу аталган жылдын август айында эне статусуна ээ болгон. Бир канча басылмалар ымыркайдын атасы Ваенганын тобундагы барабанчы Роман Садырбаев экенин жазып чыгышкан.

Декреттик эс алуу абдан кыска мөөнөткө созулган. Тактап айтканда, 2012-жылдын сентябрь айында ырчынын "Лена" деген альбому жарык көрүп, ноябрдан тарта гастролдук турнелерге байма-бай чыга баштаган.

Анын 2016-жылы январь айында өзүнүн туулган күнүнө арнап койгон концертине Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев катышып, "Я любил одну милую" деген чыгарманы аткарган.
27-январдын жылнаамасы.
Орус элин, Елена Ваенганы таң калтырган, суктандырган Кайрат Примбердиев. Азаматсың!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(6)
kubankg2010

Медиа-портал
29.01.2016. 14:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кайрат азаматсын!!!!!!!!!!
joker007

Медиа-портал
29.01.2016. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Молодец...Кайрат....Ийгилик....
meerima91

Медиа-портал
29.01.2016. 16:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биз сиз менен сыймыктанабыз!!!
snejinka

Медиа-портал
29.01.2016. 16:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сыймыктанчу жигит!
jibeka09

Медиа-портал
30.01.2016. 12:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Кайрат!
Ajara_13

27.01.2018. 20:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат молодец!Голос Олег Газмановдукуна окшоп кетет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.