ИИМ: "Мас абалында селсаяктарды коркутуп, аны тыйган адамдарды сөккөн видеосу интернетке тараган милиция кызматкери жумуштан алынды"
Бишкекте мас абалында селсаяктарды дубалдын түбүнө тизип алып коркутуп, ортого түшүүгө аракет кылган адамдарды сөгүп жаткан видеосу интернетке тарап кеткен милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, интернетке видеосу тараган окуя 2017-жылы 29-декабрда Бишкек шаарынын Абдырахманов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал эми селсаяктарды коркутуп жаткан мас абалындагы милиция кызматкери Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкери Т.А. экени аныкталган.
"Бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада 26-январда Биринчи Май РИИБинин старшинасы Т.А. ички иштер органынан бошотулду. Ал эми анын жетекчилери ички тартиптин негизинде жазаланды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Мас абалдагы милиция селсаяктарды сөгүп жатат ( Уят сөздөр бар)


Бул милицияны жумуштан алыптыр деп суйунбой кое тургула, 1-2 айдан кийин кайра эле милиция болуп иштеп жургон болот, Бишкектин башка районунда...
Эмнеге ИИМ мындай кызматкерин жумуштан бошотуу менен маселе чечилди деп Элли алдайт?!! Эмнеге бул милиция кылмыш жообуна тартылбайт
Ал эми селсаяктарды тизип алып коркутканы боюнча кылмыш иги ачылып, мыйзам алдында жооп бериши керек, мыйзамды сактоонун ордуна мыйзамды бузган тартип сакчысы