Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү






Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык бүгүн, 27-январда өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн. Анын жүрүшүндө ЖЭБдеги түзүлгөн кырдаал талкууланып, өкмөт башчы түзүлгөн абалга карабастан турак жайларга, өзгөчө социалдык объекттерге жылуулук жеткирүү боюнча ыңгайсыздыктар жаралбашы керектигин айткан.
Андан сырткары, Сапар Исаковдун тапшырмасы менен биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген ыкчам штаб түзүлгөн.
Ал ыкчам штабдын курамына киргендер:
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов;
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов;
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев;
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков;
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ишканасынын төрагасы Айбек Калиев;
"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев;
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов;
"Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директору Искендер Кадыркулов;
"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын башкы директору Эркин Абдыкалыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
topchubaii

27.01.2018. 16:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уят эле, сууктун биринчи куну эле кышка кандай даярдыгынар билинип калды.
barakcha

27.01.2018. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми светти эмнеге очурдунор?Жылуулук очкону аз келгенсип...Тонуп олгуло дегенинерби????
Bolunbo.kyrgyz

27.01.2018. 17:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камырабай жашагыла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.