super.kg logo

ЖЭБдеги абалга байланыштуу тургундарды жылуу тамак-аш менен камсыз кылуучу пункттар ачылды

 

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу муктаж болгон жарандарды кабыл алуучу бир нече пункттар ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 3 миңден ашуун жашоочуларга ылайыкталган пункттарда ысык тамак менен чай берилип, жылынууга шарт түзүлгөн. Ошондой эле транспорт маселеси да каралган.

Аталган пункттардын даректери:

Свердлов району:

  • Күрөңкеев көчөсү 89а, "Ардагер" борбору. Директору Абдиева Марипа Төлөмүшовна, телефон номери 0 (312) 37 63 01, 0 (551) 51 28 48;
  • №23 орто мектеби, Жибек жолу көчөсү 287. Директору Ситоленко Андрей Владимирович, телефон номери 0 (312) 48 20 48, 48 20 30, 0 (772) 27 77 21;

Ленин району:

  • №95 орто мектеби. Директору Акмашаева Анара Радбековна, телефон номери 0 (552) 90 86 73.

Биринчи Май району:

  • №75 орто мектеби, Баялинов көчөсү 124. Директору Абдуазизов Данияр Валитович, телефон номери 0 (312) 32 01 17, 32 01 18, 0 (554) 40 44 85;
  • Социалдык жатакана. Балтагулов көчөсү 1. Директору Петрушевский Алексей Владимирович, телефон номери 0 (553) 93 04 70.

Транспорт боюнча суроолорго Бейшенбаев Улан Бекежанович жооп берет. Телефон номери 0 (553) 01 37 72.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, жылуулук берүү системи качан калыбына келе турганы азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.01.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КРнын борбору Бишкекте ушул абал жаралса, анда Алматыда убактылуу иштеп-жашасам да Кудайга мин мертебе шугур жана тообо,тобою!!! Жылуулукту очурмок турсун жылуулуктун температуратсы озгоргон жок!!
28.01.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши кылып ушуп чыктык тундо, 1-2 кун чыдайбыз кудай деп)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: