ЖЭБ: "Абал турукташты. Суунун орточо температурасы 60 градус, жылытууну дагы жогорулатабыз"
Бүгүнкү күнгө, 28-январдын таңкы саат 7ге карата Бишкек шаарында жайгашкан ЖЭБдеги абал турукташты. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
"Баары жакшы. Шаарга берилген жылытуунун орточо температурасы 60 градус, ал эми Аламүдүндө 75 градус. Биз мындан ары да жылытууну жогорулатабыз. Күчөтүлгөн режимди сактайбыз", - деген маалыматты "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы таратты.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.



Мучулуштуктор болуп туратта
Азырынча кетпей турсун, бир аз семирип алып кетсин. Баары бир кайра чоң кызматка отуротда
Асанбайда кечө күнү кечке жуук свет жок болду отопления музга окшоп муздап калды. 5- этажда тоңуп сынып кала жаздадыкго. Бүгүн эрте менен свет бар отопления такыр жылыганы сезилбеди. Муздай эле болуп турат
Бойроктор чызылдап ооруп баштады.
Отопление болсо не как озгоргон жок.
Аран эле тап берип турат.
Теплостто иштегендер менин уйумо Бир Кун жатсанар тушунот эленер.
Директорду иштен алып, камаш керек.
Суука даярданып ондобойсунарбы.
МЧС да эскертип атты.