super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ЯНВАРЬ: Ырыскелди Осмонкулов: "12 жылдан бери туулган күнүмдө бильярд боюнча турнир өткөрүп келем"

 

Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 50 жашка толуп, өзүнүн юбилейин белгилеп жаткан учуру. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо максатында байланышка чыгып, анын бүгүнкү күнгө койгон пландарын билди.

"12 жылдан бери туулган күнүмдө жакын досторум, сахналаш-санаалаштарым арасында бильярд боюнча турнир өткөрүп жүрөм. Быйыл да бул салтты бузбастан катуу даярдык көрүүдөмүн. Буюрса, кечинде кезектеги турнир башталат. Ал эми юбилейим менен алгачкылардан болуп, албетте, үй-бүлөм, жубайым жана балдарым куттукташты. Андан соң Берлин жана Ташкентте жашаган эжелерим байланышка чыгып, куттуктоо сөздөрүн арнашты. Азыр социалдык тармактагы досторум жазган жылуу пикирлерди окуп, маанайым абдан көтөрүлүп жатат", - дейт ырчы.Жубайы менен

Ырыскелди Осмонкулов 1968-жылы 28-январда Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. 10 бир туугандын кичүүсү. 2-класстан кийин Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Музыкалык мектепти аяктаган соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган. 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап, “Биздин Ала-Тоонун кыздары” деген ыр менен эл алдына чыккан. Ал эми 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкен. Ошондой эле бир нече эл аралык сынактарда кыргыздын желегин желбиретип келген. Ал эми 2003-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамына татыса, 2017-жылы "Даңк" ордени менен сыйланган.

28-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.01.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Намаз окуйт болду бекен? Бильярд кумарга кирет да.
Taalaibek. түзөттү 2018-01-28 12:53:36
28.01.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Taalaibek., бильярд кумарга кирбейт. Кайсы убакта бильярд ойногон кумарга кирет? жооп; бироо менен ортого бирдеме коюп ойносон (мисалы; акча коюп) кумар болот. А сырттан башка адам оюнчуларга байге койсо, кумар болбойт. Ошондой эле намаз убагында бильярдды токтотуп, намаз окуп алып, андан кийин ойной берсе болот.
28.01.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубок Ырыскелди деп КР боюнча эле откоруп берсе жарашмак))
28.01.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы демилге кылыптыр мен колдойм.коп жашаныз омурунуз узун болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: