super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Борбордогу үйлөргө жылуулук толук түрдө бериле элек

 

"Борбордо жылуулук системи өз калыбына келтирилди деген жаңылык чыгып жатканы менен, шаардагы бир канча үйлөргө азыркыга чейин жылуулук бериле элек" деп бир нече окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына кабарлашууда.

"Кечээ түндө жылуулук берилди деген кабар чыкканын уккандан бери жылуулукту күтүп отурабыз. Шаардагы бир канча үйлөргө жылуулук бериле элек. Үйлөрүбүз муздак, терезелерди аяз каптап калган", - деп жазышкан алар.

Эске салсак, бүгүн эртең менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы "Шаарга берилген жылытуунун орточо температурасы 60 градус, ал эми Аламүдүндө 75 градус. Мындан ары да жылытууну жогорулатып, күчөтүлгөн режимди сактайбыз. Бара-бара бардык үйлөргө мурункудай эле жылуулук бериле баштайт", - деген маалыматты тараткан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
28.01.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Чыдагыла,,Жунунор жалтырак болот..
28.01.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жайында эшек такалап жүрүштү бекен? Өз убагында кышка даярдык көрүшпөй.
28.01.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
futboler,кышка даярдык отлично болгон. Өздөрүнүн үйүндө да бирок.
28.01.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оф оф тутун, оф тутун,
оф оф тутун, оф тутун.
28.01.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
борбордук мечит тарапта жылуулук начар озгоруусуз уйлор суук балдарды 3топ 4топ наски башына шапка шымдарын 2каттап атурабызго кайдагы жылуулук ордуна келди деп атышат
28.01.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
momun74, суук деп отурбай, комур алып жаккыла. Жазда эмне кылып журдунор, кышка даярданбай. Биз комур жагып эле отурабыз.
28.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ajydaar,комурду каяка жагалык?Кулкумду келтирдинер аябай!
28.01.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
barakcha,мен дагы ушул суроону берейин дегем
28.01.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ajydaar,акылынан сенин ушул нерсе ойума келбептирда жожом
28.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаардын сыртындагы конуштарда, элдер 4-5тонна комур сатып алып кыштан аран чыгат. Комурго эле 30-40мин сом кетет. Шаардагылар жылуулукка 1000сом эле толоп коёт экен, 3 ай кыш болсо 3000сом менен кыштан чыгып кетет экен. Сабыр кылгыла, сабырдын тубу сары алтын.
28.01.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этаждагылар каякка от жагалы ойлонуп жазсаңар жазат десе эле жаза бербей
28.01.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2-3кунго сабыр кылгыла туугандар. Ушугон болсонор, премер министр бекер чай, жылуу жай уюштуруп бердиго, ошол жерлерге барып тургулада. Биздин чондор деле атайын элдер тонуп калсын деген жокта. Колудан келишинче арекет кылып жатат. Эмне силер эле бийликте болгонунарда ЖЭБ бузулбайт беле? Техника дейт аны, машина айдап кетип жатсан бузулгандай эле, ЖЭБ дагы бузулдуда.
28.01.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ой бизде Ошто көп эле домдордо жылуулук жакшы берилбей, үйгө кошумча печка жагып отурабыз.печканы өчүрсөң үй муздап үшүйсүң. Өкмөттөгүлөр Оштун Тэцсин да бир карап койсо болмок, тэцке барсаң биз жооп бербейбиз тигилерге бар, тигисине барсаң буга бар деп бири бирине түртөт.
28.01.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндүккө караганда климат жакшы да. Кечээ жакында Жалал-Абадга барып келдим. Бейишке келгендей эле болдум, Ат-Башынын суугунан кийин.
28.01.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көп кабаттуу үйлөрдө жашоо кыйын болуп калат экен да заматта эле. От жагып да ысытканга болбойт.
28.01.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калп эле бийликтин таламын талаша бербечи сага окшогондор эки жуздуу адам болот.
28.01.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эххх, ушу кыш чилдесине чыдабаган ТЭЦ жай бою какшагандарычы кышка даярдык толук бутту деп уят эле, элдин каргышына калышты... дагы киши башына тоолтурадан жазып койгонучу жылуулукка деп(((
28.01.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул келген суук коптогон элдин озу менен кошо бийликке болгон ишенимин дагы тондуруп кетти окшойт.
28.01.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылуулук жок болгону аз келгенсип,свет да жок отурабыз мына 2кундон бери Горький-Бектенова кочосундо.
Кичинекей наристебиз менен кыйналып чыктык туну менен айлабыз куруп.жок дегенде светти жакшы очпой турган кучтуу фазага кошуп койсонор болот эле го.
28.01.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоону февралдын аягына коюш керек экен..
28.01.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында даярданбай зима не будет деп отура беришкен да эшек такалап. Отопления жок болгону аз келгенсип кечө,бүгүн свет да жок. Этажкада жашайбыз деп тоңуп өлбөсөк эле болду. Менин үйүмдө жаш бала каары киши жок эптеп чыдайбыз. А башкалар кантти экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: