super.kg logo

Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери тургундардан кечирим сурады

 

Бишкек жылуулук электр борборундагы абал көпчүлүккө аны модернизациялоого коротулган чыгымды эстетти. Бул арада кыштын суук күндөрүндө ЖЭБдин шаардын жашоочуларына жетиштүү жылуулук бере албаганына нааразы болгондор көбөйдү.

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева ЖЭБдеги абалды видеого тартып жайгаштырды. Маалымат катчы ага Бишкектеги жылуулук берүү борборунда орун алган абал боюнча коомчулукта туура эмес пикирлер да айтылып жаткандыгын жазган.

"Алардын арасында такталбаган жана негизсиз сындар да айтылууда. Сиздерге борбордогу эски жана модернизацияланган жаңы бөлүмдөгү абалдын видеосун сунуштайбыз. Анда ЖЭБдин кызматкери өзү абалды кандайча болгонун түшүндүрүп берет. Станциянын ар бир кызматкери, жумушчусу тургундардын үйүнө жетиштүү жылуулукту жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Аларга ийгилик жана күч тилейбиз", - деп жазган ал.

Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.






Бишкек жылуулук берүү борборунан видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.01.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7


Кышка даярдык жакшы деңгээлде болгон эмес экен да. Кычырган суукта жылуулуксуз кплып олтурабыз.Шалаакылык!
29.01.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына дагы бир коррупция!!!Олчойгон акчаны болушуп жеп,эптеп септеп от казанды сапатсызын коюшса керек!!!Бир Республиканын борборун жылвта албасанар позор окмотко!!!!
Россиянын эн суук жеринде журобуз,ЯНАО до -40°-45°с суукта квартирада балдарым майкачан чуркап ойноп журушот.Шарт эн соонун!
29.01.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
madina.87,эн туура биз да Россиянын айылында жашайбыз балдарым да майкачан журушот. КР окмотунун шалаакылыгы борборду жылуулай албаса уят башка олколордун шаарлары эмес айылдарында жылуулук менен камсыз болушкан уят уят мидлиондоп акчалар болунуп кимдин чонтогуно кирип кетип жатат бир жараткан Алла билет аман эле болгула
29.01.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzburak87,54-50'с болот суук биз жашаган жакта
29.01.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzburak87,сууккс анда өтөле мөлтөгө суук тийбесин
29.01.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ближайшие время это когода? Через год на следующую зиму?
29.01.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiman0303, кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
29.01.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупцияны жоюш учун ар бирибиз озубуздон башташыбыз керек.
Анан айыл,район шаар башчыларына
Анан бетине май баскан чиновниктерден.
toktor89 түзөттү 2018-01-29 13:13:06
29.01.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
altyw95jan, этика нормаларын сактаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: