super.kg logo

Бишкекте акыркы 2 күндө электр энергиясын пайдалануу жогорулагандыктан айрым райондор жарыксыз калды

 

Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG'ге "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн жалпы 34 бригада иштеп жатат.

"Трансформаторлук подстанциялардын жабдууларынын бузулгандыгынан улам кичи райондордогу айрым көп кабаттуу үйлөр электр энергиясыз калды. Калыбына келтирүү үчүн 34 бригада иштеп жатат. Бирок биздин бригадалардын иштөөсүнө тоскоолдуктар жаралгандыктан калыбына келтирүү иши создуктурулуп жатат. Анткени электр энергиясын бөлүштүрүп берүүчү жабдыктардын ачкычтары үй комитеттери тарабынан табылбай калган учурлар болуп жатат. Ошондуктан биздин бригада бир барган жерине кайра кайрылып баруусуна туура келүүдө. Андан сырткары жер алдынан өткөн электр чубалгыларынын үстүнө жашоочулар унааларын коюп алган жана жеңил курулуштарды куруп алгандыктан биздин бригадалардын иштөөсү үзгүлтүккө учурап жатат", - деп билдиришти "Түндүкэлектр" ишканасынан.

Ишкананын маалыматына караганда, акыркы эки сутка ичинде Бишкектин тургундарынын электр энергиясын пайдалануусу 8-10 пайызга жогорулады. 2017-жылдын ушул күндөрүнө салыштырмалуу 20-25 пайызга көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.01.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канча дагы миллион коротуп,биз кышка даярбыз деп кокурок каккылашты эле,эмне болду эми бир суук тушкондо ашмалтайынар чыгып калды?Мына сага онуккон акылдуу шаар)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: