УКМК Бишкек ЖЭБиндеги авариялык абал боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
УКМК Бишкек ЖЭБиндеги авариялык абал боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
"Бишкек Жылуулук электр борборунда авариялык абал катталгандан кийин эле иликтөө иштери башталган. Учурда иликтөө жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында кеңири маалымат берилет", - деди басма сөз катчы.
Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
barakcha

29.01.2018. 14:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!Куноолуулор жазасын алышсын.Антпесе тартип орнобойт!Башкаларга дагы чон сабак болсун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.