super.kg logo

"Электр станциялары" ачык акционердик коому: "Январь айындагы жылуулук үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө ЖЭБдеги авария эске алынат"

 

Шаар тургундарына жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганына байланыштуу январь айына жылуулук үчүн чыккан төлөмдөр кайра эсептелинет. Бул тууралуу маалыматты "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу шаар тургундарына жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган күндөн тартып чыккан төлөмдөр кайра эсептелинет. Бул иш биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев башында турган атайын түзүлгөн ыкчам штабдын көзөмөлүндө болот.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.01.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айырма жок , жылуулукка аз эсептелинген менен , светке очоюп келсе керек коробуз го . Хотя уйлорду жылыта албай турган суук болду ...:(
29.01.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А моралдык жана физикалык чыгымды кантип эсептейсинер?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: