Кыргыз чек ара кызматы: "Өзбек аскерлеринен ок жеген жаран коңшу өлкөнүн ооруканасында. Абалы канааттандырарлык"
Өзбекстандын чек ара кызматынын аскери Кыргыз жаранына куралдан ок чыгарганы тууралуу маалыматты Кыргыз чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү тастыктап, билдирүү таратты.
Белгилүү болгондой, ок тийген жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ажек калктуу конушунун тургуну 1979-жылы туулган У.А. аттуу жаран болгон. Ал Өзбекстандын чек ара тилкесине жакын аймакта малын жайып жүрүп коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен.
"Өзбекстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, мал жайып жүргөн Кыргыз жараны чек араны кесип өткөнү үчүн аскерлер тарабынан колго түшкөн. Бирок У.А. алардын буйругуна баш ийбей, Кыргыз өлкөсүнүн аймагына өтүү аракети менен качып жөнөгөн. Мындан улам курал колдонууга аргасыз болушканын билдиришти Өзбек чек ара кызматы. Окуя караңгы кирип, көз байланып калган маалда болгон. Ок малчынын сол санына тийген. Жаракат алган жаранды өзбек чек арачылары колго түшүрүп, Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст райондук ооруканасына жеткиришкен. Учурда Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык", - деп билдирди Кыргыз чек ара кызматы.
Аталган кызматтан билдиргендей, эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жаракаты менен өзбек ооруканасында жаткан Кыргыз жараны сакайган соң жана мыйзамсыз чек араны кесип өтүү боюнча иш тергелип бүткөндөн кийин, өз өлкөсүнө өткөрүлөрү белгилүү болду. Ошондой эле октон жаракат алган У.А.нын жакындары ооруканага барып, кабар алып туруусуна уруксат берилди. Бул окуя боюнча эки өлкө тең тийиштүү териштирүү иштерин жүргүзүшөрүн кошумчалашты чек ара кызматынан.






1 |