Муфтий нике маселесин өз көзөмөлүнө ала турган болду
Муфтий Максатбек Токтомушев 28-январда өлкө аймагындагы казылар менен жолугушуп, 2018-жылы Мусулмандар дин башкармалыгы жана облустук казыяттар тарабынан аткарылчу иштер боюнча сүйлөштү. Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, муфтий никеси кыйылгандарды журналга каттоо тартибин киргизүү маселелерин тапшырма катары берип, булардын аткарылышын өз көзөмөлүнө алмакчы болду.
Муну менен катар Токтомушев жолугушууда аймактарды руханий жактан өнүктүрүүгө басым жасап, түшүндүрүү, агартуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон алакаларды, ошондой эле ажылык сапарды жакшы уюштуруу тапшырмасын берди.
Айта кетсек, Араван районунда 1961-жылы туулган А.М. аттуу аял бир жыл мурун 16 жашка толо элек небересин турмушка бергендиги үчүн райондук сот тарабынан 2018-жылдын 11-январында 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылган. Ал эми нике кыйган молдонун кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыктан ишти Араван райондук ички иштер бөлүмү кыскарткан. Ошондой эле жабырлануучунун кайненеси 2017-жылдын 13-октябрында 4 жылга шарттуу эркинен ажыратылып, ага 2 жыл сынак мөөнөтү чектелген.


Бул эмне деген абсурд!!!
Биринчиден никеге каттоо мекемеси жашы 18ге толо электерди никеге каттоого, ал эми молдолорго жашы жете электерге нике кыюга мыйзам тыю салат...
Экинчиден 1-2 жыл мурун кабыл алынган мыйзамга ылайык молдолор эки жаштын нике куболугу болбой туруп молдолорго нике кыюга тыю салынган...
Ошондо 2 мыйзам катарынан бузулуп жатса, кантип кылмыштын курамы жок деп кылмыш иши кыскартылат... Пусть Аравандын РИИБи тушундурмо берсин!!!
Бирок эрте турмушка чыгуунун артында оорчулук бар экенин моюнга алып туура кылыптырсын...
Колдон келсе кыздар 19-23 жашынарда турмушка чыккыла, эрте же кеч эмес, анткени бул жаш кыздар учун эн оптималдуу жаш курагы уй-було кутуу учун...
Эркектер учун уйлонууго эн оптималдуу жаш курагы 21-25 жаш болуп эсептелет. Бул