super.kg logo

Бишкек ЖЭБдин директору: "Жылуулук берүүнү калыбына келтирүү үчүн 40 адам иштеп жатат"

 

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда пресс-тур уюштурулууда.

Ишкананын жетекчилиги журналисттерге борбордогу учурдагы кырдаал менен тааныштырып, шаарды жылытууга керектүү бардык объектилерин көрсөтмөкчү. Соңунда ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу маалымат жыйынын өткөрөт. Пресс-турдун жүрүшүндө ал учурда үйлөргө жылуулук берүүнү калыбына келтирүү үчүн 40 кызматкер иштеп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.






ЖЭБ учурдагы абал менен тааныштырууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: