Ырчы Анжелика Бекболиеванын ажырашуу тууралуу жазган арызы боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Ырчы Анжелика Бекболиеванын күйөөсү менен ажырашуу тууралуу жазган арызы бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан каралмак. Бирок соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылганын Биринчи Май райондук соту билдирип, анын себебин түшүндүрүүдөн баш тартты.
Алдын ала айтылган, такталбаган маалыматтар боюнча, эми сот отуруму такыр болбошу мүмкүн. Буга ырчынын жазган арызын кайтарып алгандыгы себеп экендиги айтылууда.
Эске салсак, Бекболиева ажырашуу тууралуу арызын өткөн жылдын декабрь айында жазган. Биринчи соттук процесс 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, бирок ага Урмат Бекболиев келбей койгонуна байланыштуу кезектеги соттук кароо 29-январга белгиленген. Ырчы арыз жазуусунун себептерин "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтып берген.
Мындан тышкары социалдык тармактарда сырдуу баракчалар ачылып ырчынын сүйгөнү Марат аттуу адам экендигин жарыялаган. Анжелика мунун баары аны каралоо үчүн жүргүзүлгөн аракеттер экенин айткан.
Айта кетсек, ырчы жеке ишкер Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт биргеликте түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан.
кошулду


Чымчыктын дагы уясы бузулбасынчы.
Бирок жеке жашоосу, отмушу конул айландыра турганчалык экен, эжеси Баяндан сабак алып, ага окшоп ала жипти аттаганы ырас болсо....
Ала жипти деп кайдагы сөздү айтасыңар не кереги бар ушундайдын. Ак жеринен каралабагыла. Токтоткула мындайды. Андан көрө колдоп турсак жакшы көрүп, өнүгүп өсүшүнө чоң салым кошкон болобуз
Анжеликанын жеке өз жашоосу, жетишкендиги бирөөлөргө мишайтетип атабы? Теледен көп чыгып реклама көп кылса эле жаман көрө беребизби?Анжелика эч кимге жаман кылган жок өз жашоосун өткөрүп атат. Текебаев дагы акыйкат, мыйзам деп теледен көп чыгып жүрүп элдин жарымына жаман көрүнүп алган. Бул адамдар силерге эмне жамандык кылганын өзүңөр деле түшүнбөйсүңөр. Жөн эле ызылдай бересиңер