super.kg logo

"Кыштын суук күнүндө жадакалса ысык чай иче албай жатабыз, анткени бизде таза суу токтоп калган" дейт Ак-Босого конушунун тургуну

 

Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунда 2 күндөн бери таза суу такыр жок болуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ак-Босого конушунун жашоочусу Чынара Жаңыбаева бүгүн, 29-январда билдирди.

Анын айтымында, 1 апта мурун таза суунун агымы азайып, тамчылап чыгып жаткан. Андан кийин таптакыр токтоп калган.

"Ак-Босого конушу таза суу менен борбордук суу түтүктөрү аркылуу камсыздалат. 2 күндөн бери ичкенге таза суу жок. Суук күндөрдө ысык тамак жасаганга же ысык чай ичкенге суубуз жок. Эл аябай кыйналды, сууну бөтөлкө менен ар кайсы жерден ташып жатабыз. "Бишкексууканалга" чалсам ал жактан "бизге эч ким кабарлаган жок, бүгүн балдар оңдогонго жетишпейт" деп жооп беришти. Макул деп кечээ күнү күттүк, келген жок. Ал эми бүгүн иш күнү болгону менен, дагы оңдогону келишкен жок. Бүгүн мэрияга чалсак "табыштаманы кабыл алдык" деп койду. Ошону менен суусу жок отурабыз", - дейт Чынара Жаңыбаева.






Ак-Босогодо ичкенге суу жок, эл жүдөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: