super.kg logo

"Газпром Кыргызстан": "3 күндүн ичинде жаратылыш газын колдонуу 40 пайызга жогорулады"

 

Үч күндүн ичинде жаратылыш газын колдонуу 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу маалыматты "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы адатта бир сутка ичинде 1 миллион 200 миң метр куб колдонулса, Чүй облусу менен Бишкек шаарында суукка жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганына байланыштуу үч күндүн ичинде бир суткада колдонулган газдын көлөмү 1 миллион 700 миң метр кубга жеткен.

"Азыр газ тармагында эч кандай авариялар каттала элек. Жумуш күндөгүдөй эле жүрүп жатат", - деп билдиришкен ишканадан.

Бишкек шаарында жылуулук боюнча түзүлгөн кырдаалдан улам аталган ишкана бир катар эскертүүлөрдү берди.

"Үйдү газ плита менен жылытууга болбойт, бул өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн. Кароосуз калган оттун жалынга айланып кетүү кооптуулугу өтө жогору. Эгерде газ плита узак убакыт күйүп турса кычкылтек түгөнүп, СО2 пайда болот да, ал ууланууга жана өлүмгө алып келиши толук мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Газпром бул эскертүүлөрдү берип, жарандардан газды кароосуз калтырбоого чакырат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: