ЭЛДИК КАБАР: "Токмоктогу кичи райондордо үйлөргө жылуулук берилбей, балдар үшүп ыйлап жатат" дейт окурман



Чүй облусундагы Токмок шаарынын кичи райондорунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей, балдар үшүп, ыйлап жатышат. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жөнөткөн.
"Токмок шаарындагы кичи райондордогу көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү толугу менен токтотулду. Бийликтин кышка даярдыгы ушулбу? Кыш башталгандан бери эптеп жылымыш болуп турган батареялар катуу суук болгондон бери такыр эле муздап калды. Балдар үшүп ыйлап жатышат эмне кылышты билбей жатабыз, мындай абал үй-бүлөлөрдүн чатакташуусуна да алып келет экен. Балдар ыйлаган сайын менин шаштым кетип жатат", - деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Окурман жылуулук берүү 28-январда токтотулгандыгын кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Бул бийлик ыплас шайлоо откоруп Сокени такка алып келгенде эле эл толкуп бул бийликти кууп чыгыш керек эле... Аша, Соке, Сапары, Албеги баарын кууп чыгыш керек эле, кармалса камаш керек эле...
Мадумаров, Мырзакматов, Садыр Жапаров, Чынара Жакупова - мына ушулар эл учун ак кызмат кылчу инсандар. Ошолорду бийлик башына алып келгенибизде бугун суукта тонуп зар какшап отурбаган болоор элек...
Кайдыгер
Силер учун куйгон инсандар куугунтукка дуушар болсо, камалса кайдыгер болуп кол шилтеген озунорсунор... Алтын-кумушунду башкалар ташып, оз балдарын талаалап тентип журсо, унчукпаган озунорсунор...
Эми туштон кийин жашып эмне кыласынар?!!
АШАнын анги эшеги СОКЕнин сокур эшегине жол корсотуп алдыдагы 5 жылга чейинки абал ушу, кейибегиле жердештер.
Урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович жана Сапар Исакович ушул ар бир ушугон балдардын кыйналып ушуп ооруган энелердин балдардын акысына кирип калбаныздар сиздерде жоопкерчилик чон болот ошону унутбасаныздар ! Жанагылардын жазасын тоолук алилеттуу кылып берсениздер кийинкилерге сабак болот.Сиздерге ийгилик!