super.kg logo

Чүйдө жеке ишкананын 7 миллион сомго жакын акчага бааланган жабдууларын уурдап кетүүгө шектелип 3 жигит кармалды

 

Чүйдө жеке ишкананын 7 миллион сомго жакын акчага бааланган жабдууларын уурдап кетүүгө шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 29-январда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 17-январь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Орловка шаарында жайгашкан жеке ишканалардын биринин башкы директору арыз менен кайрылып, кымбат баадагы жабдууларын бейтааныш адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Окуя болгон жерге Кемин РИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, ишкананын кеңсесинде турган кымбат баалуу жабдуулары уурдалганын аныкташкан. Уурдалган жабдуулар ширетүү аппараттары, генератор жана башка ушул сыяктуу жабдуулар болгон. Ишканага келтирилген зыяндын өлчөмү 6 990 000 сомду түзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кемин РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, далил буюмдарга экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү жарандардын аты-жөнү аныкталып, шектүү катары 25 жаштагы А.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалып, анын көрсөтмөсү менен ушул кылмышка тиешеси бар башка жарандар кармалышкан. Алар мурда “уурулук” боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган 27 жаштагы К.Э. жана 24 жаштагы С.Т. аттуу жарандар болушкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган буюмдардын көпчүлүгү Орловка шаарына жакын жерге жашырылган жеринен табылган. Ал эми калган бөлүгү Бишкек шаарындагы базарлардын бирине сатылып кеткен жеринен кайтарып алынган. Кармалган жарандар Кемин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.01.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
24-25-27 огуздой кара кучу бар учурго. Баштары менен жер казып иштешсе дагы адал нан таап жешет элего.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: