super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Кыргыз Улуттук агрардык университетинин 80 жылдык мааракесине катышты

 
Кыргыз Улуттук агрардык университетинин 80 жылдыгы белгиленди
Төрага Асылбек Жээнбеков университет менен таанышууда
Мамлекеттик Гимн аткарылууда
Төрага окуу жайдын "Ардактуу меймандар" китебине колтамгасын калтырды

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 7-июнда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университеттин 80 жылдык мааракесине катышты. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи болду. Төрага окуу жайдагы музейдин "Ардактуу меймандар" китебине кол тамгасын калтырып, "Кыргыз Улуттук агрардык университети – жалпы улуттун сыймыгы! Эгемен Кыргызстандын билим берүү тармагын ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал агрардык тармактагы адистерди даярдоонун башатында турган",- деди. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен окуу жайдын бир катар окутуучулары сыйланды. Айта кетсек, бул окуу жайды Чыңгыз Айтматов, Таштанбек Акматов, Арстанбек Дүйшеев, Жумгалбек Аманбаев, Жамин Акималиев сыяктуу кыргыздын көрүнүктүү уулдары бүтүргөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: