super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков: "Биз ачык болушубуз керек. Биз элге, өлкөгө кызмат кылабыз"

 

Бүгүн, 30-январда Бишкекте "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин конференциясы өтүп жатат. Ага өкмөт башчы Сапар Исаков, өкмөт мүчөлөрү, жарандык коомдун жана эл аралык "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин өкүлдөрү катышууда. Конференцияда өкмөт башчы Сапар Исаков сөз сүйлөп, ал демилгенин алкагында Кыргыз өкмөтү ачык иштеши үчүн бир топ иштер аткарыла турганын белгиледи.

"Биздин өлкө бул демилгеге Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан кыска аралыкта биринчи болуп кошулду. Өнөктөштүк алкагында бир топ иштер аткарылып, өкмөт ачык болот. Демек, биз ачык болобуз жана калктан жашырчу эч нерсе болбойт. Бардык иштер элдин көз алдында болот. Биз ачык болушубуз керек. Биз элге, өлкөгө кызмат кылабыз", - деди Исаков.

Айта кетсек, "Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership", OGP) - 2011-жылы негизделген эл аралык уюм. Ал мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулук, жарандык көзөмөл болушун көздөйт. Бул уюмду АКШ, Улуу Британия, Бразилия, Норвегия, Индонезия, Мексика, Филиппин жана Түштүк Африка түптөгөн. Кыргыз мамлекети уюмга 2017-жылы кошулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: