super.kg logo

3-февралда Бишкекте жоолук күнү белгиленет. Каалоочулар үчүн эшик ачык

 

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленет. “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чара 3-февраль күнү саат 11:00дө "ASIA MALL" соода борборунда башталат. Аталган иш-чарада коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар өткөрүлүп, Бишкектеги мыкты мастерлердин колунан мехенди, креативдүү фото-стенддер, конкурс жана викториналар уюштурулуп, баалуу белектер болмокчу. Иш-чараны белгилүү алып баруучу, ырчы Мукарам Мадаминова алып барат. Бишкек шаарында жашаган эже-сиңдилер үчүн иш-чаранын эшиги ачык, кирүү акысыз.

Ал эми дал ушундай иш-чара 1-февралда Ошто орун алмакчы. Аны “Умма” журналынын Оштогу ыктыярчылары, “Умма-Ош” командасы өткөрөт.

Эскерте кетсек, “Умма” ислам журналы Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн бул жылы Бишкекте 3-ирет, ал эми Ошто 2-ирет уюштурууда. Аталган иш-чаралар коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, түрдүү улут, курак, кесип, көз караштагы айымдарды бир аянтчага топтоп, өз ара диалог түзүүгө шарт түзүүдө.

Ош шаарында жоолук күнүнө карата өткөн иш-чарадан.

Өткөрүлгөн иш-чараларда жоолуктун исламдагы, дегеле аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой-пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу маселелери көтөрүлөт. Бул иш-чараларга коомубуздун активдүү айымдары калбай катышып келишет.

Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февралда белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

3-февралда өтө турчу иш-чара боюнча толук маалымат алуу үчүн www.ummamag.kg сайтына кирип же 0772 44 79 26, 0554 65 77 75 номерлерине байланышка чыксаңыздар болот.

Келип, бир туугандык, достуктун атмосферасында эс алып, өзүңүз үчүн пайдалуу маалыматтарга ээ болуп кетиңиз!

Унутпаңыз! 3-февралда саат 11:00дө "ASIA MALL" соода борборунун 3-кабатынан жолугабыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(36)
30.01.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
жакшы жанылык экен))
30.01.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жакшы саамалык экен...
30.01.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Негизи бир кунду жоолук куну деп белгилеп алган дурус эмес, канткендеда аялзаты жоолук салынып калса жакшы болоор эле.
30.01.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-33
Кыргыздарга арабтырдын жоолугун реклама кылып жатышат. Кыргызстандын аялдарын исламдаштуруунун жолу жеп тушунобуз. Баягы эле диндин тиешеси бар. Динчилдер уюштуруп жатышат. Башка кыла турган иштери жок бекен.
30.01.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
pat12, аялындын чачы тамакка тушуп журсо жакшыбы? Жоолук аялзатынын коркуно корк кошот. Мага жоолук оронгон кыздар жагат.
30.01.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
pat12, а сенин кайсы апан чачтарын жазып саксандап журчу эле шайтандай болуп. Кайсы апан шым кийип майкачан журду эле Таарыхты жакшылап окуп чыгып анан суйло. Арабтарга керек болсо биз уйротобуз жоолук салынышты. Кыргызды азыркы кайдакы динсиздер бузуп жатат. Кыргыздын тапрыхын укуп чукуп отурсан арабтардан калышпайбыз.
31.01.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bolunbo.kyrgyz, сенин апан, чон энен, таянен жогорудагыдай болуп жоолук салышчу беле арабдарга окшоп?!!
30.01.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
pat12,кызыксыз го бир тууганым жоолук салынуу жакшы да чачын сары ала кылып боеп алып жүргөнгө караганда!!
31.01.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12,Эгер жоолук арабтардыкы болсо, кыргыз аялдары жалаң баш жашап келгенби буга чейин? 5-март ак калпак куну бар го, бул ошондой эле демилге
31.01.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Juni1, арабдар менен кыргыздардын жоолуктарын айырмалай албай калгансынбы?!!
31.01.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pat12,оооббоо дагы эле сенби арабдар динчилдер деп ишин болбосунчу ушундай
Динге тиешеси бар темаларды окубай эле отуп кетеберчи
30.01.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-31
Эптеп эле кыргыз аялдарын ушундай иш чаралар менен динге угуттоп, араб, афган, пакистан, сирия аялдарына окшоштуруп, ан сезимдерине карангы шариатты киргизип туруп, молдокелердин созун тыншатып коюш керек. Мындайды жолук деп айтпайт. Только паранджа, хиджаб, никаб дейт. Арабтарда пайда болгон. Умма деген создун озу эле динге тиешеси бар.
Ka2sr1 түзөттү 2018-01-30 17:30:10
30.01.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Маселе жоолукта деле эмес. Ар бир айым болобу же мырза болобу, адамкерчиликтуу, принципиалдуу болгону жакшы. Чынында айымдардын коркун чачынын жасалгасы ачат жана конулун да которот. Буга чон маани бериш керек. Бирок катуу суукта башынарга топу кийип алгыла. Суукта жылуулук, жылуулукта сулуулук - деп ата - бабаларыбыз айтышыптыр. Чынында бул иш- чарада диний саясат болушу мумкун.
30.01.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
yrmat88, Бул иш-чара жоолуктун кайсы мамлекетте кандай орду бар, биздин элечектер,жоолуктарды кайра аялзаты тагынып жургондун эмнеси жаман. Ошого эле байланыштуу жакшы иш-чара экен,окусам. Ойу жамандардын жаман жакка тартканынарды койгулачы.
30.01.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исламды толук кабыл алып. Исламды толук окуп чыгып анан суйлогуло. Жон эле кичине болбогон нерсе уйронуп алып фанат боло бербегиле. Толук окуп уйронуп окуп анан суйлогуло. Ойунчук эмес дин силерге. Бир эле ката кетирип суйлогон ото чон куноо болот туугандар.
30.01.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Bolunbo.kyrgyz, Исламды толук окуганда асмандан бир да кукум нан тушпойт. Диндин ашынган фанаттары оздоруно жалан плюс коюп алышыптыр.
Ka2sr1 түзөттү 2018-01-30 21:04:47
31.01.2018. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ka2sr1,мусулман бир туугандар коп себеби ошого плюс
31.01.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bolunbo.kyrgyz, ото туура суйлоптурсун... Эми ошол жазгандарына озун амал кылып, динден терен кабарын, тушунугун болуп анан динден суйлосонор жакшы болот эле, диний фанат болбой "фас" десе алдыга тушуп жонобой. ....
Too-tash түзөттү 2018-01-31 16:15:33
30.01.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Силерди бироо мажбурлап Жоолук кунуно дегеле сынакка катыштырып жаткандай суйлойсунорго. Дегеле эркектерге эмне жок дейминда, кечке аялдарчасынан айтышканча пайдалуу иш жасагылачы. Майдачыл болбой эркек болгулачы! Аялдардын жоолук салынып жургону кайра жакшы эмесби.
31.01.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikoo2014,анча мынча эркеке караганда тузук экенсин. +
30.01.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таластачы?? Болбойт бекен?? (( Мен созсуз барып катышмакмын.
31.01.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таласта болсо жакшы болмок менда бармакмын Таласта жолук и так мода да кийимден биринчи жолук алмайго
31.01.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар бир мусулман аял жоолук салынып журуусу парз. Корунгон бир тал чачыбыз учун жооп берерибизди унутпайлы туугандар.Бироонун жоолук салынганын корсон суйунгун дуа кылгын деген жерлери бар...
31.01.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
wirintai27, бирок качантан бери жоолук десе арабдардын баш чумкомосун тушунуп калгансынар?!!
01.02.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash,Тушунбогон адамга тушундуруп не сайда
31.01.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ka2sr1, altyw95jan, Bolunbo.kyrgyz, Alinur96kg, adii, жеке айтышууларга жол берилбейт.
31.01.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи азыр динди жамынап алып, адамдардын жеке жашоосуна кийлигишкен молдолордун санын азайтуу зарыл. Пакистан, афган, ирак аялдарына окшошобуз деп алардын кийимин кийбейлик. Биз ойлошу мумкунбуз мусулманбыз деп, жок бизге кооз жалган идеялар м-н араб элдеринин жашоосуна угуттоп жатышат. Араб элдеринде шариятка шылтап аялдардын укуктарын кескин чектелген. Арабтардын диний программасы менен жашап калбайлык.
iryi1 түзөттү 2018-01-31 12:13:50
31.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жоолук салынуу-бул милдет деп билет элем (кыздар куйоого чыккандан баштап)
31.01.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусульман бир туугандарым! Чын эле көпчүлүгүбүздүн Динден түшүнүгүбүз таптакыр жоктой го. Ким бизди зордоп жатат, жоолук салын деп. Акыретин ойлогон ар бир аял заты жоолук салынуусу милдеттүү, Курани каримде да парз деп айтылган. Демек, салынууга милдеттүүбүз! Албетте, арабдарды же ирактардын диний көз карашы мн эмес, өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша.. аэ эми жоолук салынбай, чачын жайын, боёп жүргөнү эле туура деп жазгандарга сөз жок, Аллах ыраазы болсун баарыбыздан!!!
31.01.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dina.janym, жоолук салынышсын, бирок озубуздукун... Арабча чумконгон диний фанаттарга буюрсун...
31.01.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Too-tash, Кечиресиң иним, мен деле ошондой мааниде жаздым. Арабдарды туүрап, чүмкөнүп алып эмес, өзүбүздүн шартыбызга жараша деп... а сен кандай мааниде?
31.01.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dina.janym, Мусулман десе эле ашынган диндин фанаты болуунун кереги жок. Ар бир адамдын жеке коз карашы ыйык. Ислам кыл дегендиг баарын кыла бербей.
31.01.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз аялзатынын жоолук салынып жургону жакшы, аялзаты кылымдар карытып башынан жоолук же элечегин тушурбой эле келишкен...

Бирок арабдарга окшоп жоолук салынышкан эмес... Арабдарды туурабай эле, кадыресе жоолук салынышсын кыргызымдын аялзаты...
31.01.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз кыргыздар ото жаман калкпыз.Ушул жерде да кырылышып атасынар.Ар кимдин озунун позициясы бар.Ар бирин озунорду билгиле.Ал эми жоолук салынган кыз-келиндерди жайына койгула.Ар ким озу учун жооп берет.Мага лично жакты бул саамалык.Жоолук десе эле, бир террористканы элестеткен адамдарга тан калып атам.Эмнеси болсо да баарыбызга ыйман берсин Аллах!Ал эми жоолукту арабтардын кийими дегендерге соз жок! Тенирчилер!
31.01.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң соонун !Жоолук мода кылуу же бирөөнүн зордоосу, каалосу менен салынылбайт.Аллахтын ыраазычылыгы менен акырети Бейиш болууну ниет кылган, аял заты гана салына алат
.
Meruet84 түзөттү 2018-01-31 19:53:50
31.01.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоолукту кыргыз жаралгандан бери эле салынып келген да,бирок өзү билгендей,өзүнө ылайыктуу кылып жана жаш курагына жараша (азыркыдай эмес,бирөөлөргө окшоп эмес же туурабай элечи).Аны азыр элге үйрөтүп,атайын иш-чара өткөрүү керек беле (ушинтип кыргызга акыл үйрөткөндөр жакпайт да).Ал эми кадимкидей эле,жөнөкөй,жалпы аялзаты салынган жоолук тууралуу го десем,маселе башкада окшойт.Анда бул үгүт иштери сыяктуу болуп калат экен да."Умма" деген сөз да жаккан жок,кыргызча эле сөз жок калганс
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: