super.kg logo

Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук отурумда эксперт КамАЗдын жана Тойота Прадонун ылдамдыгын аныктоого мүмкүн эмес экенин айтты

 

Бүгүн, 30-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча соттук процесс уланды. Анын жүрүшүндө күбө катары эксперт Михаил Сябро суракка алынды.

Анын айтымында, КамАЗдын жана Тойота Прадонун ылдамдыгын аныктоого мүмкүн эмес.
"Ылдамдык автоунаанын тормозун баскандан кийинки калган издин негизинде аныкталат. Тормоздон калган из бар, бирок ал даана эмес. Мындан улам эки машинанын тең ылдамдыгын аныктоого мүмкүн эмес. Ошондой эле из кайсы унаага таандык экени да аныкталган жок. Андан сырткары машинага келтирилген зыяндын негизинде да ким жол кырсыгын болтурбай качып кетсе болмок экенин аныктоого мүмкүн болбой жатат. Мурда биз Орусиядан аныктачу элек. Анда машиналар темирден эле, азыр көпчүлүгү пластиктен", - деди Михаил Сябро.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.01.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте мумкун эмес бул деген засекреченный маалымат да.....
30.01.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жук ташуучу камаз ото катуу ылдамдыкта журо албайт 120 км/сааттан да ашпайт!, вот именно Тайота Прадо автосу 180 км/сааттан катуу журот. Эмне учун жук ташуучу камаздын ээси кунолуу болуш керек? Эмне учун бийликтеги чиновниктер олсо карапайым эл кунолуу болуш керек?
Artur555 түзөттү 2018-01-30 12:50:55
30.01.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Artur555, ошо карапайым кишинин колу менен көзүн тазалабады деп кепилдик бере аласынбы? Саясий оюнда кокустук кылып да көзүн тазалап коюшу мүмкүн. Ошол эле убакта күнөөлү жол тандабас да болуп калышы мүмкүн.
30.01.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прадонун спидометри катып калат авария болгондо,канча ылдамдкта келаткан
30.01.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде Кыргызстанда таза иштеген честный адамдарды козун тазалоо болуп келген жана боло бермекчи. Эми бир кудай билет кандай болоорун. Инсан катары сыйлайт элем Темирди. Жаш кеткени окундурот. Президент боло турган инсан эле. Бейиштен орун берген болсун Аллахым
30.01.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камаз айдаган кантип эле ландкрузерди обгон кылсын акылга сыйбайт?Кырсыктан коз жумган Жумакадыровтун жайы жанаты болсун.Бирок жаш баланы чыгарып эле койсо болот,бул туура эмес камаган
30.01.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип КАМаз сузмок эле.Чекесин чийип алыштан коркуп айланып отосунго.Бечара баланы калп эле мойнуна илип кыйнабай чыгарып койсонор болмок.Бийликтегилер оо дуйнодо министир элен.сот элен дебейт.
30.01.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки суротту карап корсон тушунуксуз. Бирок экинчи суротто корунуп тургандай камаз оз жолунда бара жатып эле жолдун чекесине чыккан. Прадо келип урунган. Камаздын айдочусунда куноо жок менимче.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: