super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-ЯНВАРЬ: Белгилүү "Porsche" унаасын дүйнөгө тартуулаган Фердинанд Порше мындан 67 жыл мурун дүйнөдөн кайткан

 

Фердинанд Порше - дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү унаа куруучулардын бири болгон. Аты айтып тургандай эле көпчүлүккө белгилүү болгон эң кымбат унаалардын түрүн дал ушул Фердинанд Порше ойлоп тапкан. Бирок Поршенин эң легендарлуу эмгеги болуп "Volkswagen Käfer" эсептелет.

Порше 1857-жылы 3-сентябрда Чехиянын Вратиславице аймагында немец үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Фердинанддын атасы Антон Поршенин өзүнүн устаканасы болгон. Колунан көп нерсе келген устаны алар жашаган аймакта көпчүлүк сыйлап турган, мындан улам ал бир кезде шаардын мэринин кызматын да аткарган.

Атасынын устаканасында 15 жашынан тарта эмгектенип баштаган. Кийин атасынын жолун жолдоп, техникалык окуу жайга тапшырып билим алууну чечкен.

1898-жылы Поршеге эң алгачкы электр унаа ойлоп табуу идеясы келет. Бул ой менен шыктанган жаш ойлоп табуучу аз убакыт ичинде эле өзүнүн алгачкы эмгегин элге тартуулай алган. Ал "P1" деп аталган. Бул унаа ал кездеги эң ылдам жүрүүчү унаалардын катарын толуктап, көпчүлүктү жаш унаа куруучунун эмгеги таң калтырган.

Кийин өзүнүн фамилиясынан улам "Porsche" деген унаа чыгаруучу компанияны негиздеп, алгачкы унааларын чыгара баштаган. Аталган компаниянын алгачкы жолтандабастары 2003-жылы жарык көргөн.

Көпчүлүккө белгилүү болгондой эле "Porsche" "Volkswagen" фирмасына таандык. Бул фирма мындан сырткары "Bugatti", "Bentley", "Lamborghini", "Audi", "Ducati" бренддерине ээлик кылат.

"Porsche" бренди кол сааттарды, калемдерди да чыгарып жүрөт. Ошондой эле "Porsche" аталыштагы кальяндар да сатылат. Алардын баасы 2 миң доллардан өйдө.

Көпчүлүк унаа сүйүүчүлөр аталган унаанын кара, кызыл жана ак түсүн жактырышат.

Фердинанд Порше 1951-жылы 30-январда 76 жашында инсультка кабылып каза болгон.

30-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
31.01.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун мыкты ойлоп табуу
01.02.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: