Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөт башчы Сапар Исаковдун кайрылуусунун негизинде Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча топтолгон материалдарды кароонун жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.
"Тергөөдө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Электр станциялары" ишканасынын жана Бишкек ЖЭБдин кызмат адамдары тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык талаптагыдай аткарылбаганы аныкталды. 26-январда Бишкек ЖЭБде белгисиз себептерден улам авария болуп, өз убагында калыбына келтирилген эмес.
Анын кесепетинен суунун температурасы төмөндөп, Бишкектин Тунгуч, Аламүдүн, Көк-Жар, Чыгыш-5, 5-4-3-6-7-8-10-12-11-кичи райондордо, Асанбай, Улан, Түштүк-2де, андан сырткары №3-балдар ооруканасы, №1-балдар кургак учук ооруканасы, №4-төрөт үйү жана башка социалдык мекемелер жылуулуксуз калышкан. Козголгон кылмыш иши тергөө иштерин улантуу үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.
Тергөөнүн жыйынтыгында ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышат", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.


(1) Шалаакылык, башкача айтканда, кызмат адамы кызматына ынтаасыз
же кайдыгер мамиленин кесепетинен өзүнүн милдеттерин аткарбаса же тий-
иштүү түрдө аткарбаса, эгерде бул граждандардын, уюмдардын укуктарын
жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мый-
зам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын олуттуу бузууга алып келсе, -
нат, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
Жазага тарткыла