super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынан 6 өкүл барат

 
Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов
Лыжачы Евгений Тимофеев жана машыктыруучу Игорь Борисов
Лыжачы Тариэл Жаркымбаев

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынан 6 өкүл барат жана бул сан жалпы эсепте да көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.

"Кыргыз өлкөсү 2 спортчу менен көрсөтүлөт, алар Евгений Тимофеев жана Тариэл Жаркымбаев. Евгений Тимофеев эл аралык тандап алуу этабынан өтүп, гигант слалом жана слалом түрлөрүндө күч сынашууга жолдомо жеңип алган. Гигант слалом боюнча мелдеш 18-февралда өтсө, слалом боюнча мелдеш 22-февралда өтөт. Ал эми Тариэл Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча тандоо турунан өтүп, классикалык кыска аралыктагы жарыш боюнча мелдешке катышат. Спортчулардан сырткары 2 машыктыруучу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин 2 өкүлү барат", - дейт Саламат Эргешов.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөр тобу:

Евгений Тимофеев - спортчу;

Игорь Борисов - машыктыруучу;

Тариэл Жаркымбаев - спортчу;

Александр Левданский - машыктыруучу;

Алия Калыбекова - Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери;

Адилет Баяман уулу - Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери;

Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-25-февраль аралыгында орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.01.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Спортко конул бурбаса болбойт.Эки спортчу катышат деген ото томон корсоткуч.Кышты корбогон олколордон да бизден кобуроок спортчулар барат экен.Бул биздин эки спортчу барып катышып,коруп келди эле атка конот.Результат кутпойм 100%
30.01.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Dembele84, Результат кутуп олтура бербей Сен барып келбейсинби.
30.01.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
asankulov12,Берчи номерлерин,жашым отуп калса да биатлондон барып результат коргозуп пример болоюн!
30.01.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Барибир колунардан эч нерсе келбейт, барбай эле койгулачы.
Селерге короткон акчаны колунда жокторго, оорулууларга, жетим-жесирлерге берели.
Ансыз деле ким турист болуп жер кыдыргысы келсе олимпийский комитетке озунун атыны спортсмен катары жаздырып коюп жатат, олимпийский комитет эмей эле туристическое агентство болуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: