super.kg logo

Кожобек Рыспаев 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаңылоо келишими түзүлүп жатканда эмне үчүн каршы болгонун айтып берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 386 миллион долларга Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо келишими түзүлүп жатканда эмне үчүн каршы болгонун SUPER.KG`ге айтып берди. Эл өкүлү ЖЭБди жаңылоо демилгесине эмес, кытайлык "ТВЕА" компаниясы менен келишим түзүүгө каршы болгонун айтты.

"Мен Бишкекте ЖЭБ курганга каршы болгон эмесмин. "ТВЕА" менен келишим түзүүгө каршы болгом. Анткени ал убакта техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору жок, менчик компанияны алып келип жатканына, бул эл аралык келишимге да жатпай турганын айтып, 386 миллионду алуу процедураларына каршы болгом. Аны азыр да айтып жатам. Бүгүн ЖЭБ курулуп бүткөнүнө карабастан, биз жалпы отчётторду талап кылып жатабыз", - деди Рыспаев.

Эл өкүлү техника-экономикалык негиздемеси жок, долбоору жок келишим кандай шартта Жогорку Кеңештен өткөнүн да жашырган жок.

"Ошол убакта бизге ЖЭБ керек болгон. Ошол ЖЭБ модернизацияланбаганда бүгүн тоңуп калмакпыз. Ал убакта баары суранып туруп калышты. Ошончо каражатты Кытай тарап берип жатат дегенден айла жок макул болдук. Бүгүн анын жообун мезгил талап кылып жатат. Биз ЖЭБге кетирилген каражат боюнча тийиштүү жоопторду алгандан кийин маалымат беребиз", - деп кошумчалады Рыспаев.

Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштерге жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.01.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атанар хан сарай салып алса кантип чукуйсунар уят жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап
30.01.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
С.Жээнбковдон коп умут бар эле бирок колхоздун раиси да эмдигиче жаны команда тузуп козго корунорлук бир иш жасамак .Жасаганы Атамбаевге баатыр наамын ыйгарганы болду
30.01.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мадумаровтун айткандары туура экен булар оз башы менен иштебейт Аша айтканын кылып журо берген. Эми сокенин айтканынан чыкпайт койлор
30.01.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тецти ондобойле банкта жатат акчалар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: