super.kg logo

Бакай Банк - бокс боюнча өтө турган эл аралык турнирдин башкы өнөктөшү

 



Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Анын башкы өнөктөшү "Бакай Банк" акционердик коому.

Азия мушкерлер конфедерациясынын календарына кирген эл аралык турнир 31-январдан 4-февралга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүлөт. Улуттук бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкуловдун айтымында, алдыда боло турган турнирге Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Иран жана Таиланддын дүйнөдөгү эң алдынкы орундарды ээлеп турган Улуттук курама командаларынын спортчулары чакырылган.

"Бокс Олимпиада оюндарынын тизмесине кирип, Кыргыз өлкөсүндөгү 6 негизги спорттун түрүнө кирет. Бакай Банк эл аралык турнирге өнөктөш болуу менен бирге өлкөдөгү бокстун өнүгүшүнө зор салымын кошот. Азыркы учурда Улуттук курама команда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө, ага республикадагы эң мыкты делген боксчулар чакырылган. Биз Кыргыз өлкөсүндөгү боксчулардын ийгилик жарата турганына ишеним артабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Дүйшөнкул Шопоковго 1942-жылы 21-июлда СССРдин жарлыгы менен согуш учурунда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн көзү өткөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Бакай Банк - келечек сенин колуңда!

Бакай Банк - 19 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларына каржы жаатында кенен жол ачып, өз кызматын көрсөтүп келет. Азыркы учурда банктын 70тен ашуун сактык кассалары жана филиалдары мамлекеттин бардык региондорунда тез жана ыңгайлуу шартта тейлеп келет.

Байланыш номери: +996 (312) 61-00-61, эл. почтасы: bank@bakai.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: