super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын 9-кызматынын башчысы Замир Сабаев "ата журтчу" депутаттар боюнча өтүп жаткан сотто жашаган дарегин айтуудан баш тартты

 

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча соттук отурум уланууда. Сот ишине катышып жаткан УКМКнын 9-кызматынын башчысы Замир Сабаев жашаган дарегин айтуудан баш тартты. Муну ал өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу менен түшүндүрдү. "Мен жогорку кызматта иштеген адаммын, душмандарым көп. Менин жашаган дарегимди билүү шарт эмес, ансыз деле өзүм сот залына келип жатам. Кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтөм",- деди ал. Сот ишине төрагалык кылуучу судья буга каршы болуп, мыйзам боюнча жашаган даректи билдирүү керектигин айтты. Бирок Сабаев макул болгон жок. Мындан соң соттук курам ишти кароону уланта берүү чечимин кабыл алышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: