super.kg logo

Депутат Бишкек жылуулук электр борборунда Кытай жарандарынын иштеп жатканы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп кабатырланды

 

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын уюштуруп, депутаттар түзүлгөн авариялык кырдаал жана аны жөнгө салуу иштерин талкуулады. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева ЖЭБди башкаруу тармагында Кытай жарандары иштеп жатканын белгилеп, УКМКнын өкүлүнө кайрылды.

"ЖЭБдин аймагын кыдырып жүргөн учурда Кытай жарандарын көрдүм. Бул жерде улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү отурат, жооп бериңизчи ЖЭБ улуттук стратегиялык объекттердин катарына киреби?" - деп суроо салды Сурабалдиева.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков ЖЭБ стратегиялык маанидеги объект экенин билдирди. Ал эми "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБ курулушу бүткөндөн кийин кепилдик мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 жыл аралыгында тейлөө 5 кытай адисинин катышуусунда жүргүзүлөрүн айтты. Сурабалдиева өлкөдө ЖЭБди көзөмөл кылчу адистер жоктугуна таң калды.

ЖЭБди башкаруу чет элдиктерге берилди. Акыркы үч күндө эмне окуялар болуп жатат. Бул өз элине каршы аракет эмеспи? Мен үчүн 21-кылымда бүгүнкү окуялардын болуп жатышы абдан уят иш”, - деди Сурабалдиева.

Депутат УКМКнын өкүлүнө кайрылып, мындай аракеттерди көзөмөл кылуучу ыйгарым укуктарына кызыкты. УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков экономикалык ишмердүүлүккө киришүүгө мыйзам жол бербей турганын айтты.

Биз экономикалык ишмердүүлүккө киришпейбиз. Ал эми өз элине каршы аракет, диверсия боюнча изилдейбиз. Бүгүн Башкы прокуратура шалаакылык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул башталышы гана, калганын тергөө иштери көрсөтөт”, - деди Мамасадыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
30.01.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Сурабалдиева кумондонбочу жаман кумон кылган болбойт
30.01.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бир соз мн айтканда шалакылык кытайлар качан еле келип алган алды 3-4тон балалуу болуп калгандар бар кыргыз кыздар уйлонуп...
30.01.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызстанда Кытайлар аябай кобойду. Кыздарыбыз Кытай тороп жатышат,бул кетиште каяка барабыз?..
30.01.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин кошуна кыз кытайга турмушка чыккан. Тообо кыргыз кыздарына соз жок болуп калды. Ушунча кытайды киргизип алып акчага сатылып тылтыйып унчукпай жаткан укмк жана башкалар аман эле болугула.
30.01.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай сактасын.Мындай кетиште жакында президентин кенешчиси кытай жараны болсо тан калбайм.
30.01.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир журналист ЖЭБке кирип чыкканда айтты:Кытайлар иштеп жаткан жерге,кытайлардын оздору бизди киргизбеди деп жаны кейиди.Элимди Кудай озу кытайлардын жамандыгынан сактасын.
30.01.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кытайларга жарандык бербеш керек. Дордойго барсан кытайлар энесинин уйундо жургондой журот, Мадина базарында уйгурлар каптап кеткен.
30.01.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
СССР убагында сексенинчи жылдары атам айта берчуу эле Кытай жак менен жол курбаш керек чек араны ачбаш керек деп ал убакта Кытай менен катнаш деле жок болчу бирок ошол кездеги аксакал аталарыбыз коп нерсени сезишчуу окшойт
30.01.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
УКМКнын жетекчиси кесиби мал доктур болсо, эмнени кыйратмак эле! УКМКнын жетекчиси стратегиялык объект эмне экенин билбейт болуш керек.
31.01.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Улуттук коопсуздук бул жаш баланын ойуну эмес. Ал жерге барып алып заказдарды аткарып миллиондоп айлык алып какшатып элди сындырып акчаларын алыш эмес максат. Элдин коопсуздугун ойлош керек. Мына кытай америка россия алар башка олкону курутканы менен оздорунун элин кызыкчылыгын ото жогору койушат. Алмашсын укмк башчылары кытайларды курутуп кууп чыгыш керек. Менин созум элдин келечеги менен ойношпогула керек болсо мамлекетти жок кылып алышыбыз мумкун баардык мамлекеттер менен так таза эсептешкил
Bolunbo.kyrgyz түзөттү 2018-01-31 00:18:27
31.01.2018. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакынкы 10 20жылда биз эл озубуз былжырап журо берсек кытайлар бизди башкарат. Ал Эми жепжутаттарга Кыргызстанды Уруп ойнобойт.
31.01.2018. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне үчүн тв журналисттер кабарчылар ЖЭБде болгон аварияны жеринен барып тартып телевидениеге чыгарышбайт.Кандай көлөмдө бузулган эмне болгон эл көрүп билиш керек.Кечээ Ош базардакы өрттү 20 30 дай тв оператор кабарчылар тартып жүрүштү го.
31.01.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура айткан депутат айым себеби Бишкек ЖЭБ стротегический обьект болуп саналат, ал жерде жалан гана жергиликтуу (Кыргызстандыктар) тургундар иштоосу шарт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: