super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча маселе өкмөт башчынын катышуусунда карала турган болду

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча каралып жаткан маселеге премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусун талап кылышты.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымат берүү үчүн Сапар Исаков өзү келиши керектигин айтты.

"Өткөн жумада ЖЭБ боюнча оор абалга түштүк. Өкмөт башчы бул жакка келип, парламенттин алдында жооп берсин. Вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматка декабрь айында келди", - деди Төрөбаев.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев дагы өкмөт башчысынын келишин талап кылды.

КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев, "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев жыйынга чакырылгандар гана келгенин эскертишип, келгендердин маалыматын угууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн чакырылган кызмат адамдары гана келгенин айтып, Сапар Исаков жыйынга чакырылбаганын белгиледи. Жумабеков депутаттардын сунушун добушка койду. Жыйынтыгында бүгүн саат 11:00дө аталган маселе өкмөт башчынын катышуусунда каралмай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: