super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга качан бара турганы белгилүү болду

 

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 1-2-февраль күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусуна ылайык расмий иш сапары менен Дүйшөмбүгө барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

"Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти, өкмөт башчысы, парламент төрагасы менен жолугушат. Жолугушууда эки тараптуу маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жана бир канча документтерге кол коюу пландалган. Негизинен чек араны делимитация жана демаркация маселесинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандыруу, соода экономикалык байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Учурда товар алмашуу жылдап өсүүдө, бирок бул жетиштүү болбой жатат", - деди Субакожоева.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасында 519 чакырым чек ара тилкеси такталган. Такталбаган чек ара тилкелери боюнча жумуштарды жандандырууну эки тараптуу жолугушууда өлкө башчылары талкуулашмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: