super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен Тажикстандагы кыргыз мектептерине колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшөт

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында өлкө башчы Эмомали Рахмон менен кыргыз мектептерине колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева брифингде айтты. Ал эки өлкөнүн башчылары кол коё турган бир катар документтерди атады.

"Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн башчыларынын биргелешкен билдирүүлөрү болот. Дагы бир маанилүү документ Кыргыз-Тажик соода-сатык мамилеси боюнча каралат. Эки өлкөнүн экономикалык кылмыштарга каршы кызматтары биргелешип иш алып баруусу боюнча документке кол коюлат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинин, Маданият министрлигинин кызматташтыгы боюнча да документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Тажикстанда айрым мектептерде кыргызча сабак өтүлөт. Ошолорго китеп жана башка жабдыктардан жардам берүү боюнча Билим берүү министрлиги иштерди жүргүзүүдө", - деди Субакожоева.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда Тажикстанга расмий иш сапары менен барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: