super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Учурда облуста коомдук-саясий абал туруктуу

 
Митингде өрттөлгөн автобус
ОИИБинин кызматкерлери элди тынчтыкка чакырууда
31-май. Митинг учуру
Митингдин лидерлеринин бири
Митингдин лидерлеринин бири
Митингчилер
Митингдин жүрүшү
Митингдин жүрүшү
Митингден бир көрүнүш
Вице-премьер-министр Шамил Атаханов эл менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда учурда коомдук-саясий абал туруктуу. "Кумтөр" ишканасы кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган компаниянын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер маалымат жыйында билдирген. Ал эми өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Токон Мамытовдун билдирүүсүнө ылайык, жергиликтүү жашоочулардын  коюлган талаптары акырындык менен аткарыла баштады. Жакында Бишкектен флюрограмма аппаратты алынып келинип, жалпы Жети-Өгүз районунун жашоочулары толук медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-майда "Кумтөр" ишканасы боюнча нааразычылык митинги башталап, ал бир катар баш аламандыктар менен коштолгон. Митинг учурунда экономика министри Темир Сариев, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 1-июнда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү менен аяктаган ал митингдер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: