super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мергенчилик департаменти: "Бюджеттен чөө, карышкырларды аткандар үчүн жыл сайын 3 миллион сомдон ашык акча бөлүнөт"

 

Бюджеттен чөө, карышкырларды аткан адамдарга жыл сайын 3 миллион сомдон ашык акча бөлүнөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 31-январда Мергенчилик департаментинин бөлүм башчысы Талантбек Турдуматов билдирди.

"Азыркы учурда пландык иштер толук даярдалып бүтө электигине байланыштуу быйыл бөлүнө турган акчанын так суммасы аныктала элек. Ар бир райондо атайын комиссия бар, алар мергенчилер алып келген атылган карышкыр же чөөнүн терисин текшерип акты түзүшөт. Акты түзүлгөндөн кийин тери атып келген адамга кайтарылып берилет. Кийин ал комиссиянын чечими бизге жөнөтүлүп, биз аткан адамдын эсебине акчаны которобуз. Бул актыны түзүү үчүн айыл өкмөт тарабынан ага берилген жаныбарды аткандыгы тууралуу маалымкат, паспорту жана банктагы эсеп номери болуусу зарыл.

Ар бир атылган чөөгө 2 миң сомдон, карышкырга 6 миң сомдон берилет. Жыл сайын миңдей чөө, 400дөн ашуун карышкыр атылат", - дейт Турдуматов.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында адамдын тынчын алган чөөлөр пайда болду, аны атып жок кылгандарга кызыктыруучу сыйлыктар болобу?" - деп кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.01.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек бул акча орто жолдо жок болуп кетип жатыптыр да.....
31.01.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанынарды жебегиле уч милион деп
31.01.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишениш кыйын кимдер алып жатат ошол акчаларды. Кыргызстанда адамдардын карышкыр же чоо атып акча алдым дегенин угалекбиз
01.02.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдамчылар озунор болуп акчаны озунор жеп атасынарда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: