super.kg logo

Бишкек ЖЭБин мэриянын карамагына өткөрүү сунушталды

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйында Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу маселени карап жатат. Жыйында депутат Акылбек Жапаров ЖЭБ шаардын карамагында болушу керектигин айтып, өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылды. Эл өкүлү өкмөттүн кышка карата даярдыгы боюнча маселеге да токтолду.

"Сизге чейинки, сизден кийинки өкмөт башчылары деле күз, кышка даярдыктарды өткөргөндө бир вазыйпасы бар. Даярдыкты сурайт. Ошонун алдында шаар башчысы, бардык тийиштүү тармактын жетекчилери өтүкчөн бардык жерлерди текшерип чыгып, анан сизге даярдыгын айтат. Буга чейин Аскар Шадиев даярдыктар боюнча эки жыйын өткөргөндө баары даярбыз деген. Демек, булар калп айтышкан. Бул калп маалымат үчүн сиз чара көрүшүңүз керек", - деди Исаковго Жапаров.

"ЖЭБ боюнча сиздин моюнуңузга туш болгон экен, бул модернизацияны аягына чыгарыңыз. Экинчиси, ЖЭБ бул шаардыкы, шаардын карамагына бериңиз. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы чала жан бойдон калды. Түзүлдү, ошол бойдон калды. Ушунун баарын системдик түрдө оңдош керек", - деп кошумчалады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.01.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба, холдинг молдинг кылбай эле мэрияга откоруп бериш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: