super.kg logo

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги авария тууралуу: "Айбек Калиев отставкага кетүү боюнча арыз жазган, бирок мен кабыл алган жокмун"

 

Айбек Калиев, Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасыУлуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

"Мен Калиевдин арызын кабыл алган жокмун. Жактагым келбейт, бирок аракет кылып, күнү-түнү уктабай иштеп жатканын көрүп жатам. Анын күнөөсү бар. Бирок ачык айтайын, мага арызы менен келген", - деди Исаков.

Мындан тышкары өкмөт башчы Калиевден башка эч ким өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
31.01.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озбекстанда болгондо Айбекке окшогон чиновникти иштен бошотуп кылмыш иш козгошот эле.Ал эми Айбекке орустар айтмакчы повезло.Биздин пр.министр отто жоош экен.Каттттуууу соооогуууш жарыялаштан колунан башка эчтеке кельбейт экен.
KGstan1981 түзөттү 2018-01-31 13:24:17
31.01.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура!Кызматтан кетип эле,кутулуп кетбесин.Жооп берсин.
31.01.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis2014, этика нормаларын сактаңыз.
31.01.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Премьер айтып жатат толтура энергетикага тиешелуу кызматкерлердин ичинен бир гана Калиев келип иштегенге акым жок деп арыз жазды деп, анын устуно кырдаал жаралгандан бери куну-туну чуркап журду деп, ошолорлу эске алып арызын кабыл алган жокмун дейт.
31.01.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тергоонун жыйынтыгы да белгилуу болуп калды, куноолуусун деп КОЧЕГАРды жумуштан алат, ошону менен бул иш жабылат.
31.01.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АШАнын "балдарын"алып эле корсун аташкасы эмне кылаар экен.
31.01.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куноонун баары тэцтин дирек-да, тажрыйбалуу жумушчуларды алып, озунун туугандарын коюп алган экен.Эмне кылышаарын билбей калыптыр.
31.01.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ruslanz, Туура куноонун баары ТЭЦ тин директору жана орун басары башкы инженерде крышаны баласы келип алып долдуроп суйлой албай жатат иш билген киши болсо баарын жакшы иштетмек.
31.01.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо кылдым жееп жееп анан башыбызга оор иш тушкондо кетем дегени эмнеси. Акыры бет жок экен
31.01.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ne kylabyz ayla jok aybekten bawka iwtegeni adam jok ketirbey karmap kal ansyz dele kyrgyzstan aldyga jyla albay jatat.
31.01.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштетиш керек буларды жон эле кетип калгысы бар отурдун иште же башынан келбе билбесен дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: