super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

 Төрага Асылбек Жээнбеков 7-июнда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы башталгандыгына байланыштуу кабыл алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу туруктуу өнүгүп жаткандыгын, ошондой эле эки жактын кызыкчылыгын эске алуу жаатындагы эки тараптуу кызматташуу мындан да жогору деңгээлде көтөрүлөрүнө ишенерин билдирди. Төрага Кытайдан Кыргызстан аймагы аркылуу өтүүчү трансулуттук темир жолдун курулушу, “Датка” көмөк чордону, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линия, ошондой эле суу-энергетикалык потенциалды өздөштүрүү сындуу ири орток долбоорлордун ишке ашырылуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз кезегинде элчи Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык мамилелерди активдештирүү үчүн бар күч-аракетин жумшаарын айтты. Ал үстүбүздөгү жылдын күз айларында Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстан мамлекеттик иш сапары боло тургандыгын билдирди. Тараптар эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун келечеги, социалдык-гуманитардык мамилелер менен парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү жөнүндө пикир алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: