super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Дүмүрчөгүн жоготуп алдым деген жаран социалдык фондго кайрылган эмес, эгер кайрылса төлөгөнү же төлөбөгөнү боюнча маалыматты беребиз"

 

Социалдык фондго төлөнгөн төлөмдөрдүн дүмүрчөктөрүн жоготуп алган Базар-Коргон районунун тургуну бизге кайрылган эмес, эгер кайрылса төлөгөнү же төлөбөгөнү боюнча маалыматты беребиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Базар-Коргон райондук социалдык фондунун жетекчисинин орун басары Алмазбек Базаркулов билдирди.

"Абдыкалык Маматов аттуу тургун кайрылганы тууралуу менде маалымат жок. Ал социалдык фонддун жетекчилерине кирип сүйлөшкөм дептир, андай болгон эмес. Ал киши эгер чындап эле дүмүрчөктөрүн жоготуп алган болсо, анда биздеги маалыматтарды карап чыгып ал кишиден талап кылып жаткан мекемеге тастыктоочу документтерди бере алабыз", - деди Алмазбек Базаркулов.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу 1-Май айылынын Абдыкалык Маматов аттуу тургуну кайрылган. Ал социалдык фондго төлөнгөн төлөмдөрдүн дүмүрчөктөрүн жоготуп алганын, аны социалдык фонддон текшерип берүүсүн өтүнсө, алар карап берүүдөн баш тартышканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.01.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кимиси жалган айтканын билбей калдык. Түшүнбөдүм адамдар жалганчы болуп кеттикби.
01.02.2018. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде Абдыкалык Маматов киргенине ишенбесеңер Лично мен өзүм Сузак районундагы Соцфондко киргенмин. Төлөгөнбуз десем Квитанция талап кылышты, Жоготуп алдык эми кандай болот десем, Жоготкон болсон дагы төлөйсүң анан квитанция алып келесин деп чыгарып салышты. Ошол бойдон мен да аларга өчөшуп барбай койдум .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: