super.kg logo

Бишкек ЖЭБиндеги авария. Сапар Исаков депутаттарды иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча коррупция боюнча сөз кылбоого чакырды

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча маселени карап жатат. Анда депутат Чыныбай Турсунбеков жаңы курулган ЖЭБде коррупциялык аракеттер болсо күнөөлүүлөрдү жазага тартууну сунуштаган болчу.

"386 миллион долларга ЖЭБди жаңылоо боюнча күнөөлүүлөр болсо аягына чыгыш керек. Элдин баары ошону сөз кылып жаткандан кийин, андан келип чыккан сөз баарыбызга тийип жатат", - деди Турсунбеков.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттарды ЖЭБге бөлүнгөн 386 миллион доллар, коррупция боюнча сөз кылбоого чакырды.

"Эгер катуу тийсе кечирим сурайм, бирок бир маанилүү нерсени айтайын. Жыйынды бүгүн кыргыз эли эле эмес, биздин Кытай өнөктөштөр да көрүп жатат. Расмий Пекин да бүгүн бул жыйынды көрүп отурат. Биз бул долбоорду эки өлкөнүн өкмөттөрү келишимдин негизинде аткардык. Ошондуктан азыр коррупция болгон, компания туура эмес иштерди жасаган дегенден алыс болсок. Анткени иликтөө аяктагандан кийин ушундай маалыматтар чыкса ошондо айтсак. Биз, өзүбүз жакын стратегиялык карым-катнашта болуп ал мамлекет менен жакын мамиледе болуп жатабыз. Ошондуктан чеберчилик менен сүйлөшсөк", - деди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
31.01.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карым катнаш деп бир жолу кытайларды Ак Уйго дагын жумушка алып алгыла эми.
KGstan1981 түзөттү 2018-01-31 15:31:01
31.01.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмоттун комиссиясы ошол 386 миллион доллардын паланча миллиону Атамбаевдин, тукунчо миллиону Сапар Исаковдун, дагы мынанча миллион доллар тигил бул чиновник, ТЕЦ директорунун чонтогуно тушту деп ачык айта алмак беле?!!

Окмоттун дагы бир жоо жомогун ким уккусу келет?!!

Кулаган Боингдеги кандуу жуктун ээси тууралуу Окмоттук комиссиянын ар турдуу жомоктору элдин эсинен чыга элек...
31.01.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
hahahahhahaha jakynda bizdi kitay basat. 100000 kitay azyr vid na jitelstvo menen jawap jurot owolor emi chykpay kyrgyzdyn kanyna kirip sorup jep jom kylat. soz bargo kitay kytay kuralsyz ele eli menen duynonu basyp alat degen. owol bizden bawtaldy okwoyt
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: