super.kg logo

Чүйдө 27 жаштагы жаран "эски таанышынан карызга акча сурап, бербей койсо бычактап салган" деп шектелүүдө

 

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда 27 жаштагы адам "мас абалында эски таанышынан карызга акча сурап, ал бербей койсо бычактап салган" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 31-январда болгон.

"Чүй облусунун Аламүдүн районунун 27 жаштагы Х.А. аттуу тургуну мас абалында мурда үйүндө оңдоо-түзөө иштерин кылып берген улгайып калган аялдын үйүнө келип карызга акча сураган. Ал андан мурун да карызга акча алган экен. Х.А. мас абалында экенин көргөн таанышы ага акча бербей койгон.

Ачуусу келген Х.А. аны сабап, бир нече жолу бычак менен да сайып салган. Кийин аны коркутуу жолу менен зер буюмдарын жана 18 миң сомго чукул акчасын алган. Бул учурда үйдөгү чууну угуп кабарлаган кошуналарынын билдирүүсү менен аймактык тескөөчү келип, аны кылмыш үстүнөн кармаган. Учурда жабыркаган аял ооруканага, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары басма сөз кызматы шектүү мурда да соттолгонун, учурда ага карата кылмыш иши козголгонун билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: